🔸 Бүгүн 12-мартта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык казыяттын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызыл сызыкка чыгып кеткен мечиттерди иретке келтирүү маселесин талкуулады.
🔸 Жыйында, Сүйүмбаев, Волгоградская, Абдыразаков көчөлөрүндөгү жана Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 4 мечиттин кызматкерлерине жана жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жолдун акысын бошотуп берүү боюнча сүйлөшүлгөндүгү тууралуу айтылды.
🔸 Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев мечиттердин аймагын талапка ылайык иретке келтирүүгө, башка аймактарда жаңы мечиттерди салууга ар тараптан колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.