Тоң району Салбурун 2019

Тоң району Салбурун 2019

Тоӊ Району

54 года назад

553 Просмотров

Тоң районунун Үч-Коргон жайлоосунда 27-июль күнү Салбуурун фестивалы өттү. Иш чара Тоң районунун мамлекеттик администрациясы, тескей жээк этно маданий туризм дестинациясы, салбуурун федерациясы менен биргеликте уюштурулуп өткөрүлдү. Фестивалга чет өлкөлүк ошондой эле ички туристтер күбө болушту. Иш чарага жалпы 300дой адамдар катышып алар үчүн бүркүт салуу, ителги салуу, жаа атуу өңдүү бир катар улуттук оюндар боюнча бүйүрду кызыткан мелдештер өткөрүлдү. Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Арпачиев Данияр Карагулович куттуктоо сөзүн айтып, салбуурун фестивалын кийинки жылы мындан да көлөмдүү кылып өткөрүү демилгесин айтып,жергиликтүү элге да маалыматты кенен жеткирүү керек экендигин белгиледи. Салбуурун өнөрүн элге жайылтууда аткарган эмгектери үчүн айрым катышуучуларга ыраазычылык билдирди.Жергиликтуу өнөрпоздор фестивалдын шанына шаң кошуп концерттик программасын сунушташты. Катышуучулардын баардыгы иш чарага ыраазычылыгын билдиришип көңүлдүү кайтышты.
Ссылки и html тэги не поддерживаются


Комментарии: